​Кызыл-Кыядан Ферганага автобус каттай баштады

  • 5 лет мурун

Кызыл-Кыя – Фергана – Кызыл-Кыя эл аралык автобус каттамы ачылды.

Бул тууралуу Автотранспорт агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгы билдирди.

Каттамдагы алгачкы автобусту Кызыл-Кыя шаарынан мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары узатып, Ферганада Өзбекстандын президентинин өкүлү, Фергана облусунун администрациясы жана район акимдери шаан-шөкөт менен тосуп алышты.

Алгачкы жүргүнчүлөр автобуска акысыз туштү. Калган күндөрү жол кире 65 сомду түзөт. Каттамды чоң жана кичиавтобус. күнүнө төрт каттам жүрөт. Транспорт саат 09:00дө, 10:00дө, 14:00дө жана 15:00дө Кызыл-Кыя шаарынын автобекетинен жөнөп кетет.

25-сентябрда Кыргызстандын Ош жана Өзбекстандын Анжиян шаарларынын ортосунда автобустук каттамы жанданган. Анын акысы 100 сом деп белгиленген.

2005-жылкы Анжиян окуяларынан кийин Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын бир тараптуу жаап, андан өтүү татаалдашкан. 2016-2017-жылдардан тарта эки өлкөнүн президенттеринин, премьер-министрлеринин жолугушууларынан кийин карым-катыш кайра жанданган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты