​Саясат, шоу, көк бөрү өкүлдөрү жана журналисттер футбол боюнча беттешет

Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы «Супер-Инфо» гезити жана Super.kg порталы менен бирге эртең, 6-октябрда, «Суперфутбол-2019» турнирин өткөрөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Кыргыз улуттук курама командасын колдоо максатында уюштурулуп жаткан турнирде саясат, шоу-бизнес, көк бөрү өкүлдөрү жана журналисттерден түзүлгөн 4 команда беттешет.

Мелдеште футбол боюнча Кыргыз улуттук курамдын оюнчулары мейман болушат. Турнирди ырчылар концерттик программа менен шаңга бөлөшөт.

Оюндар футбол федерациясынын талаасында өтөт.

6-октябрь, башталышы саат 11:00. Кирүү акысыз.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты