Салык кызматы: Бир катар мамкызматкерлер декларацияны убагында тапшырган эмес

  • 5 лет мурун

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жыл үчүн салык декларациясын убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тууралуу маалыматты сайтына жарыялады.

3-октябрга карата 1 миң 202 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер салык декларациясын убагында тапшырган эмес.

Тизмеде мамлекеттик каттоо кызматынын (25), Жогорку Кеңештин (22), эмгек жана социалдык министрлигинин (16), курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (16), финансы министрлигинин (13), салык кызматы (12), айыл чарба жана мелиорация министрлигинин (10), экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын (10), өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (7), юстиция министрлигинин (7), маданият, маалымат жана туризм министрлигинин (7), бажы кызматынын (6), өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин (6), тышкы иштер министрлигинин (6), Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасынын (6) жана башка органдардын кызматкерлери да бар.

Эскерте кетсек, салык декларациясын тыпшырууу мөөнөтү жыл сайын 1-апрелде аяктайт.

Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын тизмеси менен салык кызматынын сайтынан (http://www.sti.gov.kg/decl_dolj) таанышууга болот.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты