​Кой-Таш окуясы: Комиссия жабыркагандардын ден соолугу тууралуу маалымат укту

  • 5 лет мурун

7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү 2-октябрда кезектеги жыйын өткөрдү.

Мамлекеттик комиссиянын төрагасы, вице-премьер-министри Жеңиш Разаков белгилегендей, өткөн жумада комиссиянын өкүлдөрү менен Кой-Таш айылынын жана бир катар жакынкы айылдардын жашоочуларынын жолугушуусу өттү. Анда болуп өткөн окуялар тууралуу маалыматтар угулуп, алардын даттануулары, сын-пикирлер жана сунуштар белгиленди.

Жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев ар кандай жаракат алган жарандарга көрсөтүлгөн медициналык жардам жана колдоо жөнүндө билдирди.

Мындан тышкары ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Метеров, улуттук коопсуздук комитетинин аскердик-медициналык кызматынын жетекчиси Назира Жанакеева маалымат беришти.

Мындан тышкары комиссиянын мүчөлөрү ИИМдин атайын багыттагы полкунун жетекчиси Аскат Султаналиевдин маалыматын укту.

15-октябрда Мамкомиссиянын иш мөөнөтү аяктайт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты