​Чехиянын айтылуу ырчысы Карел Готт көз жумду

  • 4 года мурун

Чехиянын айтылуу ырчысы Карел Готт 80 жашында көз жумду.

Карел Готт дүйнөгө белгилүү болуп, «чех булбулу” деген атка конгон.

Ал 2-октябрга караган түнү дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу журналисттерге анын басма сөз катчысы Анета Штольцова билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды

Сентябрь айында айтылуу ырчы акыркы жолу маектешүүсүндө лейкемия дартына кабылып, дарыланып жатканын айткан.

2015-жылы ал лимфа түйүндөрүнүн шишиги дарты менен ооруган. Бир жыл дарылангандан кийин эстрадага кайтып келүүгө аракеттенип, бир нече ирет ырдап чыккан.

Июль айында эстрада жылдызы 80 жаш мааракесин белгилеген, бирок ден соолугуна байланыштуу концерти кийинкиге калтырылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты