Анжиянда 80 ден ашык окуучу тамакка ууланды

  • 4 года мурун

Өзбекстандын Анжиян облусундагы менчик мектепте 80ден ашуун окуучу тамактан ууланды.

Бул тууралуу өлкөнүн элдик билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Окуя 30-сентябрда түштө болгон. 75 окуучу жана жети мугалим тамактан ууланып, кечке маал көбү ооруканага жаткырылган.

Алар дарыгердин көзөмөлүндө, абалы турукташууда.

Акыркы он күндө Өзбекстанда бир нече жолу жапырт уулануу фактылары катталган. 27-сентябрда Бекабаддагы бала бакчада 19 бала ууланган деген шек менен ооруканага жаткырылган. 22-сентябрда Наманганда үлпөт тойдун 50дөй коногу тамактан ууланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты