«Азаттыктын» операторунун техникасын тартып алгандар Матраимовдордун туугандары болуп чыктыбы?

  • 5 лет мурун

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 28-сентябрь күнү Ыдырыс Исаков аттуу жаран телефон чалып, Ош шаарындагы үйлөрдүн биринин жашоочулары «Азаттык» үналгысынын операторунун видеокамерасын жана дрон аппаратын тартып алганын билдирген.

Окуя болгон жерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу барып, тиешелүү маалымат топтогон.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгына «Азаттык» радиосунун оператору Азамат Кулчуманов арыз менен кайрылып, алардын жалпы суммасы 22700 долларды түзгөн видеокамера, штатив, дрон аппаратынын башкаруу пультун бейтааныш төрт жаран тартып алганын билдирген,

«Лексус-330» үлгүсүндөгү автоунаасына салып кеткендигин билдирип, алардан видеоаппаратураларды кайтарып алууга көмөк көрсөтүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну суранган.

Ушул эле күнү, Ош шаарынын Супаналиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн жашоочусу Н.Ж. арыз менен кайрылып, анда ал 28-сентябрь күнү ртең менен саат 08.00дөн тартып жашаган үйүнүн үстүнөн дрон тынымсыз учуп, видеотасмага тартып жүргөндүгүн билдирген. Андан сырткары, жашоочулардын тынчтыгын да бузгандыгын маалымдаган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына А. уулу О. короодо турган учурда башына учуп жүргөн дрон келип түшкөндүгүн, анын натыйжасында денесине залал келтирилгендигин билдирген.

Өз арызында дрон менен жашаган үйүн, короосун тартып жатып, дронду түшүрүп жиберген жарандарга карата чара көрүп берүүнү суранган. 28-сентябрь күнү болгон фактылар Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылымыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан “Азаттык” радиосунун оператору өз арызында видео жабдыктарды тартып алды деп билдирген жарандар ким экендиги такталды. Алар өз көрсөтмөлөрүн беришүүдө. Тергөөнүн кызыкчылыгында алардын ысымдары аталган жок. ЖМКда ал кишилердин бири Райым Матраимовдун туугандары экени айтылууда.

Жогоруда көрсөтүлгөн жабдыктар боюнча акт түзүлүп, андан соң тергөө кызматына жөнөтүлдү. Жабдыктардын ээлеринин катышуусунда каралып, тиешелүү экспертиза дайындалмакчы.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери Супаналиев көчөсүнүн жашоочуларынан жана окуянын күбөлөрүн сурамжылап жатат.

«Үмүт 2020» кыймылы «Азаттыктын» операторунун техникасын тартып алган окуяны айыптаган.

«Азаттык» үналгысы бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун коррупциялык иштери боюнча иликтөөсүн улантып жатканы айтылууда.

Аталган ЖМКга түшкөн документтер бир нече жыл аралыгында Кыргызстандан кеминде 250 миллион доллар чыгарылып кеткенин көрсөткөн.

Бул сумманын бир бөлүгү чет өлкө жарандарынын атына которулганы белгилүү болду. Ишенимдүү булактары 2011-2017-жылдар аралыгында Ош шаарындагы бир нече банктар аркылуу кеминде 700 миллион доллар сыртка которулганын билдирген. Мындай сумма кайдан табылганын басылма дагы иликтеп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты