​Кыргызстан Doing Business 2020 рейтингинде ТОП-20га кирди

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасы дүйнөлүк банк тарабынан жарыяланган Doing Business 2020 («Бизнес жүргүзүү») рейтингинде реформатор-өлкөлөрдүн ТОП-20 кирди.

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасы «Электр түйүндөргө кошулуу», «Салык төлөө» жана «Насыя алуу» көрсөткүчтөрүн жакшыртты.

Аны менен бирге «электр түйүндөргө кошулуу» көрсөткүчтөрү өчүрүүлөрдү көзөмөлдөө жана инфратүзүмдөрдү модернизациялоонун эсебинен жакшырды.

Изилдөөдө ошондой эле кредиттик бюролордун иш тутумун жакшыртуу, отчеттуулук жана салык төлөө процедураларын жеңилдетүү аркылуу «насыя алуу» көрсөткүчү боюнча жасалган реформалар белгиленди.

Дүйнөлүк банк реформатор ТОП-20 өлкөгө быйылкы жылы бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиктеринин жалпы көрсөткүчүнө киргизилген үч же 10дон ашуун чөйрөсүндө жеңилдетүүчү реформа жасаган өлкөлөрдү тандайт.

Бизнес жүргүзүүнү татаалдаштырган ченемдик өзгөрүүлөр аны жеңилдеткендердин катарынан чыгарылат. Эң мыкты жакшыртылган экономикалар үчтөн кем эмес реформа жасагандардын арасында бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүү көрсөткүчтөрүндөгү кыйла жакшыруулар аркылуу аныкталат.

Doing Business 2020 рейтингинин расмий бет ачары 2019-жылы октябрдын соңунда өтөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты