​БУУ башкы ассамблея сессиясы: Чыңгыз Айдарбеков уран калдыктары тууралуу

  • 5 лет мурун

Нью-Йорк шаарында БУУнун башкы ассамблеясынын 74-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын аянтчасында 27-сентябярда кыргыз тарабынын демилгеси менен, Тажикстан, Өзбекстан менен бирге жана Европа биримдигинин, ЕККУнун колдоосу астында “Борбор Азия эл аралык тилектештикке чакырат» урааны астында Борбордук Азияда мурдагы уран казуу ишине байланышкан коркунучтарга арналган жогорку деңгээлдеги биргелешкен иш-чара уюштурулду.

Анда кыргыз делегациясынын башчысы, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков сөз сүйлөп, Борбордук Азиядагы уран калдыктарынын экологиялык көйгөйүн чечүү үчүн кошумча финансы каражаттарын тартууга көмөктөшүүгө жана эл аралык тилектештикти күчөтүүгө катышуучуларды чакырды.

Иш-чарага БУУга мүчө-мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын жана финансылык институттардын жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү катышты.

Алардын ичинде, Тажик тышкы иштер министри С.Мухриддин, Венгриянын тышкы иштер жана соода министри П.Сийярто, Казакстан, Өзбекстандын БУУдагы туруктуу өкүлдөрү, Норвегия жана Австриянын тышкы саясий ведомствон башчыларынын орунбасарлары, дүйнөлүк банктын, эл аралык валюта фондунун, Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын, Азия өнүгүү банкынын, Ислам өнүгүү банкынын жетекчилери жана регионалдык бөлүмдөрүнүн жетекчилери кытышып, сөз сүйлөштү.

Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү П.Буриан биргелешкен иш-чаранын модератору болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө ошондой эле КР экс-президенти Р.Отунбаева жана КР ӨКМ статс-катчысы А.Мамбетов сөз сүйлөдү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты