СССРдин эл артисти Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленет

  • 5 лет мурун

Эртең, 28- сентябрда, саат 14:00дө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Социалистик эмгектин баатыры, композитор жана дирижёр Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленет.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ошол эле күнү, 28- сентябрда, саат 11:00дө маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана министрликке караштуу бардык маданият мекемелеринин жетекчилери, кесиптештери, туугандарынын катышуусу менен Ала – Арча көрүстөнүндө маркумдун эстелигине гүл чамбар коюлуп, куран окутулат.

Калый Молдобасановдун 90 жылдыгына арналаган салтанатта бардык жарандар үчүн жана эшик ачык.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты