Бажы кызматы өткөрмө бекеттерге видео камераларын орнотууда

  • 5 лет мурун

Мамлекеттик бажы кызматы кызматкерлердин ишине мониторинг кылуу үчүн бажы бекеттери менен бажылык тариздөө жайларына видеокөзөмөл камераларын орнотуп жатат.

Маалыматка караганда, бул кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун арттырууга, ошондой эле Бажы кызматындагы коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүүгө түрткү болот. Мекеме видеокөзөмөл системасын 2019-жылдын аягына чейин орнотуп бүткөрүүнү пландоодо.

Буга чейин Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун алкагында Орусиянын техникалык колдоосу менен беш авто жана төрт темир жол өткөрмө бекетинде 472 видеокөзөмөл камерасын орнотуу иши аяктаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты