Жээнбеков: “Түркия жана Кыргызстан өз ара экономикалык дараметин толук колдонбой жатат”

  • 5 лет мурун

«Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы инвестициялык кызматташтык өнүгүүдө», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-сентябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан кыргыз-түрк бизнес-форумда.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы эки өлкөнүн ортосунда көп жылдар бою түптөлгөн саясий өнөктөштүк бийик деӊгээлге жеткенин белгиледи.

«Натыйжада, кыргыз-түрк соода-экономикалык мамилелери жакшы темпте өнүгүп жатат. Былтыр Түркиядан жалпысынан алганда 93 млн доллардан ашык инвестиция келген. Түркиядан Кыргызстанга эгемендик жылдардан бери бүгүнкү күнгө чейин тартылган түз инвестициялардын көлөмү 600 млн доллардан ашат», — деп белгиледи Президент.

Ошол эле мезгилде эки өлкөнүн ортосудагы экономикалык дарамет толук колдонулбай жатканын баса белгиледи.

«Эрдоган мырза менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн жакынкы жылдары азыркы 400 млн доллардан бир миллиард долларга жеткирүү боюнча сүйлөшкөнбүз. Бул багыттагы иш-аракеттерибизди күчөтүү абзел» деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы боордош түрк өнөктөштөргө өлкөнүн эшиги дайыма ачык экенин белгилеп, учурда кыргыз жергесинде жүздөгөн кыргыз-түрк ишканалары иштеп жатканын эске салды.

«Ушул залда биздин өлкөлөрдүн өнүгүшүнө ак эмгеги менен чоң салым кошуп жаткан бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү отурасыздар. Сиздердин араңарда бүгүнкү иш чаранын уюштуруучуларынын бири, Кыргызстанда көп жылдар бою эмгектенип келе жаткан „Мыстачоглу“ компаниясы бар. Түрк ишкерлери менен ар тараптуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө кызыкдарбыз» деди.

Жээнбеков бизнести каттоону жөнөкөйлөштүрүү, жаңы түзүлгөн ишканаларды 3 жылга текшерүүдөн бошотуу, негизсиз текшерүүлөрдү кыскартуу, салык ставкаларын төмөндөтүү ж. б. инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү багытындагы иш-аракеттер жөнүндө айтып берди.

Ошондой эле арзан электр энергиясы, 190 миллионго жакын адам жашаган ЕАЭБдеги мүчөлүгү, ВСП+ статусуна ээ болушу, бизнес-омбудсмен институтун түзүү сыяктуу Кыргызстанга инвестициялоонун башка дагы артыкчылыктары тууралуу айтып берди.

Президент мамлекет Кыргызстандын экономикалык потенциалын көтөрүүгө багытталган бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууну максат кылганын белгиледи.

Ал ошондой эле Бишкек шаарында дүйнөлүк атагы бар Шератон мейманканасынын ачылып жатышы өлкөнүн туризм тармагынын өнүгүшүнө өз салымын кошот деген ишенимин билдирди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты