Финполдун аймактык кызматтары бюджетке 2 млн ашык сом кайтарды
- 5 лет мурун
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын (финансы полициясы) Кемин жана Чүй райондору жана Токмок шаарынын бөлүмдөрү бюджетке 2 млн 514 миң 618 сом түшүрдү.
Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
Финансы полициясынын Чүй, Кемин райондорунун жана Токмок шаарынын кызматкерлери «ТД” жоопкерчилиги чектелген коому айлана-чөйрөнү коргоо боюнча салык төлөөдөн качып жүргөнүн аныктаган.
Анын натыйжасында мамлекетке 2 млн 514 618 сом төлөнгөн.
Муну бөлүшүү