Алматыда Дамирбек Асылбек уулунун соту уланууда

  • 5 лет мурун

19-сентябрда Алматы шаардык соту Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун доо арызын кароону улантты.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

24-апрелде Алматы шаарынын райондук соту контрабандага айыпталган Дамирбек Асылбек уулун эки берене боюнча күнөөлүү деп таап, жалпысынан 10 жылга кескен. Аны менен кошо кармалган кыргызстандыктар Уланбек Мурадилов 10 жылга, Чыңгыз Абакиров 8 жылга эркинен ажыратылган.

Былтыр 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында, Түштүк-Казакстан, Жамбыл облустарында атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров камалган. Казак бийлиги кармалгандардан «чек арадан аткезчилик менен ири өлчөмдө жүк өткөрүү менен алектенет» деп шектелген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты