​Кой-Таш окуясы: Мамкомиссия жыйынына Карамушкина, Кодуранова чакырылат

  • 5 лет мурун

Чүй облусунун Кой-Таш айылында 7-8-августта түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны 23-сентябрда өтөт.

23-сентябрда өтө турган кийинки жыйынга депутаттар Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова кайрадан чакырылышты.

Мындан тышкары жыйында Аскер прокуратурасынын маалыматы угулат.

Мамкомиссиянын өкүлдөрү кечээ, 19-сентябрда, өткөн жыйынга УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин, коомдук ишмер Турусбек Коеналиевдин, ички иштер министринин орун басарлары Алмаз Орозалиевдин жана Памирбек Асановдун Кой-Таш окуясы боюнча маалыматтарын угушту.

Жогорку Кеңеш депутаттары Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова 19-сентябрда жеке себептерине байланыштуу жыйынга катыша алышкан эмес.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болгон.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

7-8-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн.

Мамлекеттик комиссия төрагасы- вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, төраганын орун басары — ЖК депутаты Бакытбек Райымкулов.

Комиссия курамына макулдашуу боюнча ЖК депутаттары Баатырбек Алмазбеков, Жаныбек Бакчиев, Абдыбек Дүйшалиев, Талант Мамытов, Бакирдин Субанбеков, Тынчтык Шайназаров ж.б. киргизилди. Ошондой эле Артур Медетбеков, Исмаил Исаков, Кубат Кожоналиев, юстиция министри Марат Жаманкулов, Алишер Мамасалиев ж.б. кирди.

Сүрот: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты