Каныбек Исаков билим берүү жана илим министри болуп дайындалды
- 5 лет мурун
Каныбек Исаков билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-сентябрда, Каныбек Исаковду билим берүү жана илим министри болуп дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду.
Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн Жогорку Кеңеш депутаттары министрликке талапкерди колдогон.
4-сентябрда Гүлмира Кудайбердиева билим берүү жана илим министри кызматынан берген арызына ылайык бошотулган.
Муну бөлүшүү