​Улуу Британия элчиси Президент менен кыргызча учурашты

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-сентябрда, Улуу Британия элчиси Чарльз Гарреттен, Казакстан элчиси Кайрат Нурпеисовдон, Малайзия элчиси Хенди Ассандан, Армения элчиси Гагик Галачяндан жана Индонезия элчиси Сунарио Картадинаттан ишеним грамотасын кабыл алды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы элчилерди Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады.

Алардын ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады жана өлкөлөр ортосундагы мамилелерди бекемдөөдө олуттуу салым кошооруна ишенимин билдирди.

Улуу Британиянын элчиси Чарльз Гарретт мамлекет башчы менен кыргыз тилинде учурашып, жашап жүргөн өлкөнүн мамлекеттик тилин үйрөнүү бул мамлекетке болгон урматтоонун белгиси болуп саналаарын белгиледи.

Кыргызстандын өнүгүүсүнүн дал ушул кызыктуу баскычында дипломатиялык миссиясын өтөө ал үчүн абдан чоң ийгилик экенин баса белгиледи.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты