Суусамырда беш миң гектар арпа аянты кар алдында калды (Видео)

Бүгүн, 10-сентябрда, Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитет жыйынында депутат Тынчтыкбек Конушбаев Суусамыр өрөөнүндөгү абал тууралуу айтты.

Депутаттын айтымында аталган аймакта 8-9-сентябрь күндөрү жааган жамгыр карга айланып, 5000 гектар аянттагы дан эгиндери кар алдында калды.

“5000 гектар жер деген чоң аянт. Буга ылайык, тиешелүү Өкмөт өкүлдөрү тез арада жеринен кабар алып, кесепеттерди жоюуга аракет көрүшү керек”деди Конушбаев.

Суусамыр өрөөнүндө быйылкы жылы 6100 гектар жерге арпа айдалган.

Фейсбук колдонуучулар Суусамырда кар бүгүн, 10-сентябрда, да кар жаап жатканын, андагы беш айылда электр жарыгы жок экендигин билдирүүдө.

Сүрөт жана видео: «Суусамыр FM»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты