​Медресенин жатаканасындагы өрттүн себеби иликтенүүдө

  • 5 лет мурун

Чүй облусунун Панфилов районунун Тельман айылындагы « Ак тилек» медресесинин жатаканасынан 8-сентябрда өрт чыкты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Медересенин жатаканасындагы 200 бала коопсуз жайга чыгарылды.

Өрттүн кесепетинен имараттын чатырынын эки миң чарчы метри күйдү.

Бул факты боюнча милиция сотко чейинки өндүрүш ишин баштады, өрт коопсуздугунун сакталбагандыгы боюнча 261, берене менен кылмыш иши катталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты