​Разаков: “Пробация институту кылмыштуулук деңгээлин кыскартат деп күтөбүз”

  • 5 лет мурун

«Пробация институтунун натыйжалуу иши аркылуу кылмыштуулук деңгээлин кыскартуу күтүлүүдө», — деп вице-премьер-министр Жеңиш Разаков пробация департаментинин ишмердүүлүгү боюнча кеңешмеде билдирди.

Белгилей кетсек, бул жаңы институттун маанилүүлүгүн эске алуу менен Президент Жээнбеков Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын карамагындагы пробация департаментин Юстиция министрлигине өткөрүп берүүнү Өкмөткө сунуштаган.

Вице-премьер-министр 2019-жылдын башында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тутумунда түзүлгөн пробация институту 1-сентябрда Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүлгөнүн белгиледи.

2019-жылга чейин жаза аткаруу тутуму сөзсүз жазага тартуу принцибин ишке ашырууга гана багытталган.

“Бул таптакыр жаңы институт, ага олуттуу милдеттер жүктөлгөн. Пробация кардарларына чаралардын топтому колдонулат. Анын ичинде реалдуу түрдө ишке орноштуруудан тартып, кесиптик психологиялык, социалдык жана башка жардамдар бар» деди вице-премьер.

Сүрөт : Өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты