​Кой-Таш окуясы: Комиссия эки жумушчу топ түзүүнү чечти

  • 5 лет мурун

7 — 8-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

-Комиссия мүчөлөрү 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуялардын себептерин жана шарттарын иликтөө боюнча эки жумушчу топ түзүү чечимин кабыл алышты.

Жыйындын жүрүшүндө комиссия юстиция министрлиги маалымат берди.

Кийинки жыйында улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевдин, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиевдин маалыматы угулат.

7-8-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн.

Мамлекеттик комиссия төрагасы- вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, төраганын орун басары — ЖК депутаты Бакытбек Райымкулов.

Комиссия курамына макулдашуу боюнча ЖК депутаттары Баатырбек Алмазбеков, Жаныбек Бакчиев, Абдыбек Дүйшалиев, Талант Мамытов, Бакирдин Субанбеков, Тынчтык Шайназаров ж.б. киргизилди. Ошондой эле Артур Медетбеков, Исмаил Исаков, Кубат Кожоналиев, юстиция министри Марат Жаманкулов, Турсунбек Акун, Алишер Мамасалиев ж.б. кирди.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетсе, кийин алардын саны 136 адамга жеткен. Атайын отряддын бир жоокери каза тапкан.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты