​Бишкек ИИБ: «Шектүүлөр жакында камалаарына кепилдик беребиз» (Видео)

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев Бишкекте бүгүн митингге чыккан сабалган балдардын жакындары менен жыйындар залында бүгүн, 5-августта, жолугушту.

Жумагазиевдин айтымында, издөөдө жүргөн шектүүлөрдү кармоо үчүн шаардык милициядан 7 бөлүм иштеп жатат. Алардын 2 бөлүмү шаардан сырткары жакта иш алып барууда.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов тергөө иштери жүрүп жатканын, чек араларга атайын посттор коюлганын айтты.

Ал эми Ленин райондук ИИБ башчысы Мадияр Кулуев “мен 28- сентябрь күнү эле окуядан кабардар болгом” деп билдирди.

Бишкекте мыкаачылык менен сабалган кишилердин туугандары бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митингге чыгышкан.

Алар бир жумадан бери шектүүлөрдүн табылбай жатканына нааразы экенин билдиришти.

Бишкекте Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде мушташтын күнөөкөрлөрү кармалып, жазасын алышын митингчилер талап кылышты.

Митингчилер Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин отставкасын жана кылмышка шектүүлөрдү кое берген милиция кызматкерлерин жазалоону талап кылышты.

Сабалгандардын туугандары балдардын абалы оор экенин билдиришти. Алар азырынча өзүнө келиш элек дешти.

Ошондой эле, шектүүлөрдүн жеңеси, Казыбек Бапышевдин жубайы дагы милиция кызматкери болгонун, ал ишти жабууга аракет кылып жатканын билдиришти.

Бишкек шаардык ИИБ башчысы аталган маалымат иликтенээрин билдирди.

Эске салсак, 28-августта болжол менен саат 7:00дөр чамасында Бишкек ШИИБге Жал кичи районундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган. Жерине иилициянын кайгуул-күзөт кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери барган. Мындан сырткары, Чүй милициясынын кызматкери Казыбек Бапышев дагы келип, эки шектүүнү алып кеткен. Жабырлануучулар болсо ооруканага жеткирилген.

Адамдарды сабоо фактысы боюнча Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сеитбеков изделип жатат.

Ички иштер органынан милициянын майору Казыбек Бапышев кызматтан бошотулду. Ал шектүүлөрдүн биринин агасы экени белгилүү болуп, учурда кылмыш иши козголду. Мындан сырткары, милициянын эки кызматкери иштен алынып, дагы экөө катуу сөгүш алган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты