Салянованын Елисеевге байланыштуу иши 5-сентябрда кайра каралат

  • 5 лет мурун

Жогорку сот мурдагы баш прокурор Аида Салянованын Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартууга байланыштуу ишин жаңы ачылган жагдайлардан улам кайра карайт.

Бул тууралуу анын адвокаты Рабига Сыдыкова ЖМКга билдирди.

Кылмыш-Жаза кодексинин жаңы редакциясында кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси кылмыш эмес, жоруктарга кирет. Бул берене боюнча айып түрмөгө кесилүү эмес, айып пул төлөөгө жатат.

Сот жактоочулардын жүйөсүнө макул болсо, анда Аида Саляновадан бул иш боюнча айып алынып салынмакчы.

15-августта Аида Салянова үй камагына чыгарылган.

Белгилүү криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу экс-баш прокурор Аида Салянова 4-июнда камакка алынган.

Ленин райондук соту кызмат абалынан пайдаланган деген айып коюп, үй-мүлкүн конфискациялоо менен Аида Салянованы 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Анын 2 жашар кызы болгондуктан, өкүмдү аткаруу жазасы 12 жыл кийинкиге жылдырылган эле.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты