​Баш прокуратура: «7-апрель шейиттери» мечити камакка алынган жок. Анын ишине чектөө коюлган эмес»

  • 5 лет мурун

Баш прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иштерин Аскер сотунда иликтөөдө Бишкек шаарындагы 7-кичирайондогу «7-апрель шейиттери» мечитин Атамбаев курганы аныкталганын билдирген.

Андагы Юнусалиев көчөсүндөгү 173/1 дарегинде жайгашкан 1 га жер «Форум» илимий-өндүрүштүк фирмасы ЖЧКсына катталган.

«Ошону менен бирге баш прокуратура мечит камакка алынбагавнын жана анын ишмердиги кандайдыр чектөөгө алынбаганын билдирди.

4-апрелде мечиттин ачылыш аземи болгон. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштерин тергөөнүн алкагында анын мүлкү, баалуу кагаздары, акциялары, Кыргызстандын банктарындагы эсептери камакка алынган.

Алмазбек Атамбаевге бир катар оор кылмыштар боюнча айып тагылууда. Мурдагы президент Атамбаев 26-октябрга чейин УКМКнын абак жайында камакта болот.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты