Куран китебин которгон Валерия-Иман Порохова каза тапты
- 5 лет мурун
79 жаш курагында кесипкөй котормочу-синхрончу Валерия-Иман Порохова каза болду.
Жакындарына көңүл айтып Россиянын мусулмандарынын муфтийи шейх Равиль Гайнутдин бул тууралуу билдирди.
«Валерия-Иман-Порохова жөн гана котормочу-синхрончу болбостон, Россиянын жаңы тарыхында ыйык Куранды которгон жалгыз котормочу болчу. Валерия Иман-Михайловна көп жылдары мусулман коомдук ишмери болгон» деп айтылат билдирүүдө.
Анын сөөгү 4-сентябрда, Москвада жерге берилет.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү