​Британ ханышасы Брекзит алдында парламенттин ишин токтотту

  • 5 лет мурун

Британия ханышасы Елизавета II премьер-министр Борис Жонсондун парламенттин ишин токтото туруу боюнча сунушун канааттандырды.

Бул тууралуу Борбор Азия жанылыктар кызматы билдирди.

Парламенттеги тыныгуу 9-12-сентябрь аралыгында күчүнө кирет жана 14-октябрга чейин созулат.

Өкмөттүн сунушуна ылайык, ханышанын парламенттин жаңы сессиясын ачкан салттуу кайрылуусу 14-октябрга белгиленип жатат.

Өкмөттүн көз карашында, бул аралык Брекзит маселесин парламентте талкуулоого корой турган убакытты азайтат.

Жонсон парламенттин ишин токтото турууну өкмөттүн жаңы программасын даярдоо жана жарыялоо үчүн колдоно турганын жана мунун Брекзитке тиешеси жок экенин айтууда.

Оппозиция Жонсондун кадамын депутаттарды Брекзит жараянына атайын катыштырбоо аракети катары баалап, бул Конституцияга каршы келе турганын билдирүүдө. Оппозиция өкмөттү бул аракети үчүн сотко берүүгө ниеттенүүдө.

2016-жылдагы референдумдун жыйынтыгы боюнча Британия Европа Биримдигинен быйыл 29-мартта эле чыгышы керек болчу. Келишим түзүлбөгөндүктөн, бул мөөнөт 31-октябрга жылдырылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты