Өмүрбек Текебаев: «Биз ар кандай чечимге даяр элек» (Видео)

Бүгүн, 29-августта, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партиянын төрагасынын орун басары Дүйшөнкул Чотонов үй камагына чыгарылгандан кийин журналисттердин суроосуна жооп берди.

Өмүрбек Текебаев Биринчи май райондук сотунун чечимин эки саат күткөндөгү абалы тууралуу суроого мындайча жооп берди:

-Ар кандай чечимге биз даяр болчубуз. Соттун эки абзац чечими эки саатка кармалганда башка ар кандай ойлор келет экен. Анткени биз соттун күтүүсүз, мыйзамсыз чечимдерине күбө болгонбуз.

Ошондуктан биз бардык окуяга даяр элек. Мен «нормально» кабыл алдым.

Билесиңер, менин жүрөгүм аритмия менен ооруйт. Соттун чечимин күтүп отурганда (колундагы жүрөк ритм ченегичин көрсөтүп) 71 боюнча бир да былк этпестен өзгөргөн жок. Мен толкунданбадым. Анткени баарына даяр болчумун, — деди Текебаев.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты