​Өмүрбек Текебаев: «Сот реформасынын жүрүшүнө сиздердин салымыңыздар чоң!»

Бүгүн, 29-августта, Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов аны тосуп алган тарапташтарынын, коомчулуктун алдында сөз сүйлөдү.

Өмүрбек Текебаев:

-Өзүңүздөр билесиздер, Жогорку сот төмөнкү инстанциянын чечимдерин жокко чыгарып, кайра кароого жөнөткөн. Биз бул жолу сот адилеттүү карайт деп турабыз.

Соттун имараты жаңыланыптыр. Мен ойлойм, Имараты эле эмес, судьялардлын жан дүйнөсу жаңыланышы керек. Аларды жаңы салт, жаңы норма, принциптер пайда болуш керек. Ошондо сот реформасы жүрөт.

Сот реформасынын жүрүшүнө сиздердин салымыныздар чоң. Эгер жарандар бардык жерде ар бир район, ар бир айылда туура эмес ишке тике турса, соттор туура чечим чыгарууга мажбур болот.

Көп адамдар нааразы болгонун угуп калабыз, эмне эле Текебаев, Чотоновду айта беришет, эмнеге башкаларды айтпайт деп. Биз бул ишти баштасак, башка иштерди адилетттүү чечүүгө шарт түзүлөт.

Биз эле эмес, саясий мотивде камалып жаткан, ошонун ичинде Садыр Жапаров жана башка карапайым тутукундардын иши да каралышы керек деп ишенебиз.

Сиздерге чоң рахмат! — деди Өмүрбек Текебаев

Дүйшөнкул Чотонов:

-Урматтуу мекендештерим! Чын журөктөн ыраазылыгымды билдирем.

Карайлаганда караан болор калкым бар экен. Кыргыз эли эч убакта сынбайт. Уюткубуз түбөлүктүү болсун, — деди Дүйшөнкул Чотонов.

21-августта Жогорку сот жаны ачылган жагдайларга байланыштуу кылмыш ишин кайра кароого жиберген.

29-августта Текебаев менен Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүү маселесин кароо менен сот башталган. Сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду үй камагына чыгарды.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Сүрөт: «Азаттык»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты