​2-сентябрга чейин унаа, турак жай жана жер салыгын төлөө керек

  • 5 лет мурун

2-сентябрга чейин транспорт, турак үй, батир жана жер салыгын (үй алдындагы, короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарыл.

Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Салык кызматы унаа, турак-жай, батир жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин салыктарды төлөбөндөрдү табуу боюнча рейддик иш-чараларды жүргүзө баштайт.

Салыкты мөөнөтүндө төлөөгө жетишпей калган транспорттун, турак жай жана жердин ээлери административдик айып акы, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болот.

Салыкты өз убагында төлөбөгөн учурда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга – 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Кеңири маалыматты 1240 номери www.sti.gov.kg сайты аркылуу, ошондой эле жергиликтүү салык органдарынан алууга болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты