​Сапар Исаковду ооруканадан кайра абак жайына алып кетишти

  • 5 лет мурун

Камакта жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ооруканадан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин абак жайына которулду.

Бул маалыматты анын адвокаты Нурбек Токтакунов тастыктады.

Адвокаттын айтымында, Сапар Исаков катуу ооруп жатат. Тынымсыз медициналык көзөмөлгө муктаж. Бирок кылмыш-процессуалдык кодекс ченемдерин, ошондой эле адамгерчиликти карабай, аны УКМКнын абак жайына которуп жатышат.

16-августта камактагы Исаковдун абалы начардап, ооруканага жаткырылган.

Мурдагы премьер Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга шектелип камалган.

Сапар Исаков бул айыптоону саясий куугунтук катары эсептейт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты