Раиса Атамбаева Алмазбек Атамбаевге жолугуп чыкты

  • 4 года мурун

Камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева аны менен 23-августта жолугуп чыккан.

Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев маалымдады.

Ал эми адвокаты Атамбаев менен жолугуп чыгып жатканын белгилеп, учурда анын ден соолугу жакшы экенин билдирди.

Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган.

Биринчи май райондук соту аны 26-октябрга чейин камакта кармоо тууралуу чечим чыгарган.

16-августта Бишкек шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырган. Сот УКМКнын имаратында өтүп, адвокаттан башка жакындары, тарапташтары киргизилген эмес.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты