​Камактагы Садыр Жапаров уулун акыркы сапарга узатууга барат

  • 5 лет мурун

Жаза аткаруу кызматы камакта жаткан Садыр Жапаровго жол кырсыгынан каза тапкан уулун акыркы сапарга узатууга уруксат берүү боюнча анын адвокатынын арызын карап чыкты.

Бул тууралуу Жаза аткаруу аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Арызды карап чыгып, жаза аткаруу кызматынын ишмердигинде айкөлдүк көрсөтүп, андагы өтүнүчтү канаттандыруу чечимин кабыл алды. Садыр Жапаров уулун акыркы сапарга узатууга катышат.

Жапаровдун уулу Дастан 22-августта жол кырсыгына кабылып, анын айынан ооруканадан каза тапкан.

Дастанды акыркы сапарга узатуу Ысык -Көл облусунун Түп районунун Кең — Суу айылында 28-август күнү саат 11:00 болорун Мелис Аспеков билдирди.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында митинг уюштурган деп жана экс-губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп айыпталган.

Бишкектин Биринчи май райсоту Жапаровду 2017-жылдын 2-августунда Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп тапкан. Анын негизинде он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан.

2019-жылы 30-апрелде Жогорку сот Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан. Сотто Жапаровдун иши боюнча жаза — 10 жыл эркинен ажыратылсын деп табылды.

Садыр Жапаров өзүнө козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп эсептээрин айтып келет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты