Садыр Жапаровдун уулу Дастан көз жумду

  • 5 лет мурун

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун уулу Дастан жол кырсыгынын кесепетинен көз жумду. Садыр Жапаровго уулун акыркы сапарга узатууга уруксат берилди.

Бул тууралуу Мелис Аспеков фейсбук баракчасына жазды.

«Садыр Жапаровдун улуу баласы Дастан кырсыкка учурады. 22-август күнү түнкү саат 22:00 чамасында жумуштан чыгып, үйүнө кетип бараткан учурда С. Э. аттуу адам жол эрежесин бузуп, сүзүп кеткен.

Дастан Садыр уулу мотоцикл менен бара жаткан. Мотоциклден кулап түшкөндө С. Э. машинасын токтотуп калбастан машинасы менен Дастандын үстүнөн тебелеп өтүп кеткен.

Мунун баары видео байкоого түшүп калган. Видео байкоодо көрүнүп тургандай С. Э. артында келе жаткан бир машинаны өткөрүп, анын артында удаа келе жаткан мотоциклге капталын тосуп бергени көрүнүп турат.

Бул жерде С. Э. эки чийиндүү жерден «разворот» жасап, жол эрежесин одоно бузганы көрүнүп турат.
С. Э. бул кылмышын артка бурулуп кеткенге үлгүрүп калам го дегем, кечирим сурайм деп түшүндүрүүдө.
Дастан Садыр уулу 4-шаардык ооруканада жандандыруу бөлүмүндө жатып каза болду деп билдиришти жакындары деп жазды Мелис Аспеков. Дастан 1992-жылы 14 -августта туулган» деп жазды. Камактагы Садыр Жапаровго уулун акыркы сапарга узатууга уруксат берилгенин кошумчалады.

Дастанды акыркы сапарга узатуу Ысык -Көл облусунун, Түп районунун Кең — Суу айылында 28-август күнү, саат 11:00 болорун да билдирди Мелис Аспеков.

Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында митинг уюштурган жана экс-губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп айыпталган.

Бишкектин Биринчи май райсоту Жапаровду 2017-жылдын 2-августунда Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп тапкан. Анын негизинде он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан.

2019-жылы 30-апрелде, Жогорку сот Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан. Сотто Жапаровдун иши боюнча жаза — 10 жыл эркинен ажыратылсын деп табылды.

Садыр Жапаров өзүнө козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп эсептээрин айтып келет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты