​Текебаев менен Чотоновдун иши 29-августта кайра каралат

  • 5 лет мурун

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев менен Өзгөчө кырдаалдар мурдагы министри Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши 29-августта Биринчи май райондук сотунда кайра карала баштайт.

Бул тууралуу адвокат Таалайгүл Токтакунова ЖМКга билдирди.

21-августта Жогорку сот жаны ачылган жагдайларга байланыштуу кылмыш ишин кайра кароого жиберген.

29-августта Текебаев менен Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүү маселесин кароо менен сот иши башталат.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Экөө тең муну саясий куугунтук катары баалап келишет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты