Курсан Асановдун адвокаты Айткулов үй камагына чыгарылды

  • 5 лет мурун

Свердлов райондук соту ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткуловду 21-октябрга чейин үй камагында калтыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу анын жактоочусу Эркин Саданбеков билдирди.

Белгиленген убакытка чейин ал Бишкек шаарынан эч кайда чыга албайт.

“Икрамидин Айткулов соттун чечимине макул эместигин билдирди. Ал беш күн ичинде чечимдин үстүнөн даттана турганын айтты”, — деди Саданбеков.

Эске салсак, Айткулов 22-августта Бишкек ШИИБге сурак бергенден кийин кармалган. Буга Н.Д. аттуу жарандын «алдоо жолу менен 5 500 доллар акчамды алып алды» деп бир жыл мурун жазган арызы негиз болгон.

Андан кийин ага дагы бир айып кошулган.

Доогердин арызы үстүбүздөгү жылдын 4-февралында Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп берилген. Материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 204-берененин 2-бөлүмү («Алдамчылык») боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган. Тергөөнүн жүрүшүндө Айткуловдун баласы мурда дагы ушундай эле иш менен соттолгону белгилүү болгон.

Белгилей кетсек, Айткулов акыркы учурда ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу болуп жүргөн. Буга чейин Айткулов президентке, премьер-министрге кайрылып, Курсан Асановдун ишин иликтөө бүткөнгө чейин ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди ээлеген кызматынан четтетүүнү суранган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты