Алмазбек Атамбаев камакта калтырылды
- 5 лет мурун
Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды.
Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев билдирди.
“Сот болду, тилекке каршы, мыйзамсыз чечим чыгарылды. Мурдагы президенттин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылып, 26-августка чейин абакта калмай болду”.
Экинчи адвокат Замир Жоошев “алгач сот Атамбаевди кармап келүүнүн мыйзамдуулугун карашы керек эле” деген пикирин билдирүүдө.
Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарган.
Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын УКМКнын имаратында карады. Ага адвокаттан башка жакындары, тарапташтары жана журналисттер киргизилген жок.
13-августта ага Жазык кодексинин «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Киши өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок- дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренелери боюнча маалымдама берилген. Кийин
Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо, «Форум» ишканасы, Кой-Таштагы үйү, жер тилкелери, тоо-кен ишканаларына лицензия берүү сыяктуу бир нече айыптар коюлду. Аскер прокуратурасы 14-августта Атамбаевди оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектүү катары, төрт эпизод боюнча айып койгон.