Робин Орд-Смит Кыргыз Республикасынын бизнес-акыйкатчысы болуп дайындалды
- 4 years мурун
Робин Орд-Смит Кыргыз Республикасынын ишкердик иштин субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам, Бизнес-акыйкатчы болуп дайындалды.
Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Премьер-министр Абылгазиев 2018-жылдын 31-декабрында бизнес-акыйкатчы түзүү жөнүндө токтомго кол койгон.
Улуу Британиянын Кыргызстандагы экс-элчиси Робин Орд Смит Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы болуп шайланган.
Бизнес-омбудсмен кызмат ордун каалаган жаран (анын ичинде чет элдик) ээлей алат. Бизнес-омбудсмен кызматка беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Ошол эле учурда бир эле адам бул кызматты эки мөөнөттөн ашык ээлей албайт.
Сүрөт: Интернет булактарынан.