Алмазбек Атамбаевге ачылган кылмыш иштери
- 5 лет мурун
Баш прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге ачылган кылмыш иштерин атап өттү.
Баш прокуратуранын айтымында, 14-августта Аскер прокуратурасынын тергөө тобу тарабынан төмөндөгү кылмыш иштерине шектелип жаткандыгы тууралуу Алмазбек Атамбаевге маалым кат берилди:
- Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр алып барууда мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары менен байланышта болгондугу, “Прогресс Компани” компаниясын түртмөлөгөнү, кылмыш-жаза кодексинин 43-беренеси, 318-беренеси боюнча;
- Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча, кылмыш-жаза кодексинин 43-беренеси, 319-беренеси;
- Мыйзамсыз баюу жана ири өлчөмдөгү кылмыщтуу кирешесин С. Пархати жана башка кишилер менен биригип легалдаштыруу, кылмыш-жаза кодексинин 215-беренеси;
- Мамлекеттик геологиянын айрым кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып лицензия берүүдө коррупцияны уюштургандыгы, кылмыш-жаза кодексинин 43-беренеси, 319-беренеси.
Тергөө улантылып жаткандыгын Баш прокуратура билдирди.
15-августта Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Кой-Таштан мыйзамсыз жер алган деп кылмыш иши козголгонун билдирди.
13-августта Атамбаевге: бийлик өкүлүн коркутуу, массалык баш аламандык, киши өлтүрүү, кылмышка аракеттенүү, барымтага алуу, куралдуу ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча айып тагылган.
Ага чейин Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча коррупцияга шектелип жаткан.
7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 136 кишиге жетти. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты. 6 атайын жоокер барымтага алынды.
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.
Атамбаев 26-августка чейин Улуттук коопсуздук комитетинин абагында камакта болот.