​Кой-Таштан мыйзамсыз жер алган деп Алмазбек Атамбаевге дагы кылмыш иши козголду

  • 5 лет мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Кой-Таштан мыйзамсыз жер алган деп кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтуусунда аскер прокуратурасы 2015-жылдын 12-майында Албек Ибраимовдун жубайы Айнура Ибраимовадан жер алды деп айып тагылганы тууралуу маалым кат берди. Айып коррупция беренеси менен тагылууда.

13-августта Атамбаевге: бийлик өкүлүн коркутуу, массалык баш аламандык, киши өлтүрүү, кылмышка аракеттенүү, барымтага алуу, куралдуу ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча айып тагылган.

Ага чейин Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча коррупцияга шектелип жаткан.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 136 кишиге жетти. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты. 6 атайын жоокер барымтага алынды.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Атамбаев 26-августка чейин Улуттук коопсуздук комитетинин абагында камакта болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты