​Чаткалда 300 миң тонна кен иштеткен алтын фабрикасы курулат

  • 5 лет мурун

Өкмөт башчынын Жалал-Абаддагы сапарында Чаткалда 300 000 тонна кен иштеткен кубаттуулуктагы алтын чыгаруучу фабриканы куруу пландары тууралуу маалымдалды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы “Жамгыр” алтын кенин иштеткен «Вертекс Голд Компани» тоо-кен компаниясынын иши менен таанышты.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Аталган компания 2011-жылдан бери Чаткалдагы Жамгыр алтын кенин иштетип келет.

Өкмөт башчыга Чаткалда 300 000 тонна кен иштеткен кубаттуулуктагы алтын чыгаруучу фабриканы куруу пландары тууралуу маалымдалды.

Ишкананын башкы директору Николай Ермошкин билдиргендей, бүгүнкү күнү кенди лабораториялык изилдөө жүргүзүлгөн жана техникалык регламент иштелип чыккан.

Фабрикадан тышкары вахталык айыл, административдик-тиричилик комплекси жана башка объекттер курулат.

Белгилей кетсек, учурда кенде фабрика курулуучу аянтта бардык инженердик-геологиялык издөө иштери жасалып, жергиликтүү элдин катышуусунда коомдук угуулар өткөрүлдү.

Азыркы тапта ишканада 500дөн ашуун адам иштейт, анын ичинде Чаткал районунун жашоочулары бар.

Баса белгиленгендей, калдыктарды сактоочу жай ишенимдүү жана коопсуз болушу үчүн алдынкы технологияларга ылайык курулат. Мында кургак сактоо ыкмасы колдонулмакчы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты