​Үсөнбек Ниязбековду өлтүрүүгө шектүүнүн кармалышы: Ниязбеков өзүнүн куралынан атылган эмес

  • 5 лет мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбековду өлтүргөн деп шек саналган киши кармалды. Бул маалыматты “Азаттыкка” жабырлануучу тараптын жактоочусу Кайрат Загибаев тастыктады.

Айрым массалык маалымат каражаттары күч тармагындагы жеке булактарына таянып, Ниязбеков өзүнүн куралы менен атылганын, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилгенин жазышты.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы мындай билдирүү таратты:

“ЖМКда таратылган УКМКнын ыкчам отрядынын кызматкери Үсөнбек Ниязбеков өзүнүн ок атуучу куралы-автоматынан атылды деген маалымат чындыкка жатпайт.

Окуялардын жүрүшүндө алынган курал-жарактардын бардыгына трассологиялык жана баллисстикалык экспертизалар дайындалды.

Экспертизанын жыйынтыктары азырынча даяр боло элек. Белгилеп кете турган нерсе кармалган жарандын адам өлтүрүүгө катыштыгы бар деген маалымат сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө текшерилүүдө” деди ИИМ басма соз кызматы.

«Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча 7-августта болгон биринчи операция учурунда ок тийип каза болгон.

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев 13-августта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, Ниязбековду өлтүрүш үчүн түз эле жүрөккө атышканын, ал снайпердик куралдан атылганын айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты