​Абдил Сегизбаев ИИМге сурак берип чыкты

  • 5 лет мурун

Улуттук Коопсуздук комитетинин мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына сурак берип чыкты.

Сегизбаев суракта тергөөчү андан 7-8-февралда Кой-Таштагы жана Бишкектеги окуя тууралуу сураганын билдирди.

Тергөөдө айтылгандарды купуя кармоо шартынан улам, ЖМКга ал тууралуу кенен маалымат бере албасын айтты.

7-8-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Анда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 136 кишиге жетти. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.

Бүгүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев киши өлтүрүү беренеси баштаган бир катар оор кылмыштарга шектелип, ага кылмыш иши ачылганы маалым болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты