Чолпон-Ата: Дмитрий Медведев, Никол Пашинян, Аскар Мамин, Сергей Румасты тосуп алды
- 5 лет мурун
Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын катышуусундагы кезектеги жыйын бүгүн, 9-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага катышуу үчүн Казакстан, Армения, Беларусь жана Россиянын премьер-министрлери келди.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян
Армениянын премьер-министри Никол Пашинянды Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.
Визиттин жүрүшүндө Никол Пашинянды Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.
Беларусь Республикасынын Премьер-министри Сергей Румас
Беларусь премьер-министри Сергей Румасты Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.
Визиттин жүрүшүндө Сергей Румасты Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.
Россия Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведевди Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Премьер-министрди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.
Визиттин жүрүшүндө Дмитрий Медведевди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.
Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин
Казакстан премьер-министри Аскар Маминди Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.
Визиттин жүрүшүндө Аскар Маминди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.