​Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин камалды

  • 5 лет мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин Улуттук коопсуздук комитетинин абагында камакта болот.

Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Слесаревдин айтымында, Улуттук коопсуздук комитетине Биринчи май районунун судьясы Адылбек Субанкулов чакыртылып, көчмө жыйын өткөрүлгөн. Сот Атамбаевди тергөө ишинин жүрүшү учурунда 26-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Мурдагы мамлекет башчы Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу, коррупция беренеси боюнча айыпка шектелүүдө.

7-августта Кой-Ташта күч структуралары тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо аракети боюнча атайын операция болду. Атайын операция учурунда жаракат алып, ооруканага түшкөндөрдүн саны 45 кишиге жетти. Атайын отряддын бир жоокери каза тапты.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди 8-августта Ички иштер министрлиги Улуттук коопсуздук комитети менен бирдикте кармаган.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты