​Эдил Байсалов ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

  • 5 лет мурун

6-августта Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси Эдил Байсалов Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин протокол департаментинин директорунун орун басары Эбигейл Бойлга ишеним грамотанын көчүрмөсүн тапшырды.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Тапшыруу маалында элчи Байсалов Улуу Британияга келген учурдагы жылуу кабыл алуу үчүн ыраазылык билдирип, өз миссиясынын жүрүшүндө кыргыз-британ мамилесин мындан ары бекемдөөгө бардык аракетин жумшаарын айтты.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты