​Кытай элчилиги Солтон-Сарыдагы окуя боюнча билдирүү таратты

  • 5 лет мурун

Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги Нарындагы Солтон-Сары кениндеги абал боюнча билдирүү таратты.

Кытай элчилиги Солтон-Сарыдагы окуя боюнча мындайча билдирди:

“2019-жылдын 5-августунда Нарын облусунун Солтон-Сары кенине Zhong Ji Mining компаниясы тоо-кендери менен алектенип жаткан жерге жүздөгөн жергиликтүү калк чогулган. Чогулгандардын айрымдары кытай компаниясы тарапка мыйзамсыз кирип барып, бир катар кызматкерлерди сабаган, анын натыйжасында КЭРдин ондогон кызматкерлери жаракат алган” деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Кытай узак жылдардан бери Кыргызстанга инвестиция салып келе жатканы айтылат.

Бул окуя компанияга жана анын кызматкерлерине ири экономикалык жана саламаттыгына зыян алып келгени белгиленет.

Кытай тарап олуттууу тынчсызданганын билдирип, кыргыз тарапка кескин сунуш берди.

“Биз кыргыз тарапка жабыркаган КЭРдин жарандарына жетишерлик медициналык жардам көрсөтүп, окуяны терең иликтеп, анын күнөкөрлөрүн катуу жазалап, бул абалды акыйкат жана талаптагыдай жөнгө салууну өтүнөбүз” деп айтылат билдирүүдө.

Кытай дипломаттары министрлер кабинетин жана тиешелүү органдарды кытай ишканаларынын мыйзамдуу укугун жана кызыкчылыгын коргоодо тиешелүү чара көрүүнү, кытай жарандарынын коопсуздугун камсыз кылып, мындай окуялардын кайталанбашын суранат.

5-августта Солтон-Сары кенинде Нарын районунун тургундары чогулуп, кытайлык Zhong Ji Mining компаниясынын ишин токтотууну талап кылган. Айрым маалыматтарда чогулгандардын саны 300 десе, айрымдарында 500 болгон деп айтылат.

Жергиликтүү калк менен кытай компаниясынын кызматкерлеринин ортосунда чыр чыгып, алар бири-бирине таш ыргытышкан. Анын натыйжасында жабыркагандар ооруканага жаткырылган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Солтон-Сарыдагы окуя боюнча кеңешме өткөрүп, «Жергиликтүү жашоочулардын жана чет элдик жумушчулардын ортосундагы окуя ишкананын ишин токтотууга себеп болбошу керек» деп билдирди.

Эгер ушул сыяктуу окуялар кайталана берсе, инвесторлор качаарын белгиледи.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кытай элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуп, Солтон-Сарыдагы окуяны талкуулады.

Солтон-Сары кенине биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов барып, жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Жаңжалдан жабыркаган «Jhong ji Mining» компаниясынын 19 кызматкери Нарын облустук ооруканасынан чыгарылды. Бир жергиликтүү тургун дарылануусун улантып жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты