ИИМ: Солтон-Сарыдагы абал милициянын көзөмөлүндө турат
- 4 years мурун
Нарын районундагы абал милициянын көзөмөлүндө турат.
Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.
Окуя болгон жерде Ички иштер министри-Кашкар Жунушалиев менен анын орун басары бар.
5-август күнү Солтон-Сарыдагы кен чыккан жерге Нарын районунун айылдарынын жашоочулары чогулуп, алтын кен чыккан жердеги кытай ишканасынын ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө талаптарын билдиришкен.
Кийинчерээк жергиликтүү тургундар менен кытай ишканасынын жумушчуларынын ортосунда чыр-чатак чыккан. Эки тарап тең бири-бирине таш ыргыта башташкан. Жыйынтыгында жабыркагандар аймактык ооруканага жеткирилди.
Аталган факты Нарын ички иштер бөлүмүндө Кылмыш-жаза реестринде катталып, тергөө жүргүзүлүүдө.
Милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Абал туруктуу экенин билдирди ИИМ.
Солтон-Сарыга жакын жайгашкан айыл тургундары менен жолугушуу үчүн бириничи вице-премьер министр Кубатбек Боронов жөнөп кетти.