Чүйдө бир күндө эки ирет үч эм наристе төрөлдү
- 5 лет мурун
Чүй облусунда бир күндө эки ирет үч эм наристе жарыкка келди.
Бул тууралуу Өкмөттүн Чүй облустук өкүлчүлүгү сүйүнчүлөдү.
29-июлда 26 жаштагы Ырыс Шаршеева үч эм төрөсө, андан кийин 40 жаштагы Олеся Томилова да үч эмди жарыкка алып келди.
5-августта Шаршеева ымыркайлары менен үйүнө чыгарылды. Томилова да чүрпөлөрү менен жакында чыгарылат.
Кубанып турган үй-бүлөлөргө облустун губернатору Алтынбек Намазалиев материалдык жардам көрсөттү.
Муну бөлүшүү