​Казакстанда жол кырсыгынан Кыргызстандын беш жараны каза тапты

  • 5 лет мурун

Казакстанда 1-августта жол кырсыгынан Кыргызстандын беш жараны каза тапты. Дагы үчөө жабыркап, ооруканага жатты.

Бүгүн, 1-августта, бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык департаменти билдирди.

Алматы шаарындагы башкы консулдуктун маалыматына ылайык, 1-августта Казакстандын Кызыл-Ордо облусунун Кармакшин районунда «Тойота-Естима» унаасы менен «Мерседес-Бенц» жүк ташуучу унаасы кагылышкан.

Алдын-ала маалымат боюнча жол кырсыгынан кыргызстандык беш жаран каза болгон.

Каза тапкандар: А.К., 1974- жылы туулган, С.Н., 1978 -ж.т., А.Т., 1983- ж.т., М.У., 1991- ж.т., К.А., 2001- жылы туулган.

Аларга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ар кандай жаракат менен Кыргызстандын үч жараны Кармакщин райондук ооруканага жаткырылды.

Алар: У.А., 1992- ж.т., М.М., 1992 -ж.т. жана К.А., 1998- жылы туулган.

Алматыдагы башкы консулдуктун кызматкерлери окуя болгон жерге кетишти. Алар каза болгон жана жабыркаган жарандардын жакындарына, туугандарына консулдук жана укуктук көмөк көрсөтүшөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты