Чоң-Алайда жоголгон альпинист изделүүдө
- 5 лет мурун
Чоң-Алайда дайынсыз болуп жаткан альпинистти издеп жатышат.
30-июлда саат 07:40та КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кошумча 5 куткаруучу тартылып, Ош шаарынан Чоң-Алай районун көздөй жөнөп кетишкен.
Мындан сырткары “Горы Азии” туристтик фирмасынын суранычынын негизинде «Ак-Сай-Трейвел» туристтик компаниясынын 6 альпинисти издөө иш — чараларын жүргүзүүдө.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алдын — ала маалымат боюнча Ош облусунун Чоң-Алай районунда Россиянын 1974-жылы туулган И. И. С. аттуу жараны 27-июль күнү саат 18:40 чамасында Ленин чокусунан түшүп келе жатып байланышка чыккан.
Бирок ошол бойдон кайра байланышка чыккан эмес (“Горы Азии” туристтик фирмасына катталган).
Аны издөө үчүн 28-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алты куткаруучусу Ош шаарынан чыгып, саат 00:10до Чоң-Алайдын Кашка-Суу айылына жетип түнөп калышкан.
29-июлда эртең менен куткаруучулар Ленин чокусун көздөй чыгып, саат 10:30да альпинисттердин 1-лагерине жеткен.
Ошондой эле «Ак-Сай-Трейвел» туристтик компаниясынын өтүнүчү менен 29-июлда «Кыргызстан Валор Эйр» авиакомпаниясынын тик учагы саат 10:47де Алай районунун Гүлчө айылынан учуп чыгып, издеп, саат 14:25те Гүлчө айылына кайра келип конгон. Натыйжа болгон эмес.
Сүрөт: Интернет булактарынан.